Россияга GOSUSLUGIде катталуудан өткөндөн кийин гана кирүү
2025-жылдын 30-июнунан тартып Россияга кирүү эрежелери түп-тамырынан өзгөрөт. Эми Россия Федерациясына визасыз кирген бардык чет өлкөлүк жарандар атайын тиркеме аркылуу алдын ала каттоодон өтүп, QR-код алышы керек болот. Бул кодсуз өлкөгө кирүүгө мүмкүн эмес. Бул талаптар өзгөчө визасыз режимде Россияга көп барган постсоветтик өлкөлөрдүн жарандарына тиешелүү.
Бул демилгенин негизги максаты — “миграциялык коопсуздукту жогорулатуу жана Россияга өзгөртүлгөн же жасалма жеке маалыматтары бар адамдардын кирүүсүн алдын алуу”. Биометрия чогултуу жасалма документтер менен кирүүгө аракет кылган кылмышкерлерди тосуп калууга жардам берет.
2025-жылдын 30-июнунан эмне өзгөрөт
Негизги өзгөрүү — Россияга келгенге чейин жок дегенде 72 саат мурун милдеттүү санариптик каттоодон өтүү. Бул эми жөн гана паспорт менен чек арадан өтө албайсыз дегенди билдирет. Бардык чет элдик жарандар, визасыз келгендер, атайын “Gosuslugi RuID” тиркемеси аркылуу алдын ала катталып, QR-код алышы керек.
Жаңы эрежелер кимдерге тиешелүү
Жаңы эрежелер 60тан ашуун өлкөнүн жарандарына тиешелүү, анын ичинде:
КМШ жана ЕАЭБ өлкөлөрү:
- Азербайжан
- Армения
- Грузия
- Казакстан
- Кыргызстан
- Молдова
- Тажикстан
- Өзбекстан
Башка визасыз өлкөлөр:
- Кытай
- Түштүк Корея
- Израиль
- Латын Америкасынын өлкөлөрү
Кимдерге QR-код талап кылынбайт
Категория | QR-код талап кылынабы? |
---|---|
Беларусия жарандары | Жок |
6 жашка чейинки балдар | Жок |
Дипломаттар жана үй-бүлөсү | Жок |
Виза ээлери | Жок |
Туруктуу жашоочулар | Жок |
6 жаштан 18 жашка чейинки балдар үчүн арызды ата-энелер берет.
Маанилүү учурлар жана чектөөлөр
QR-коддун жарактуулук мөөнөтү
Россияга кирүү үчүн берилген QR-код так 90 күнгө жарактуу. Бул мөөнөт Орусия бийлиги тарабынан саякатчыларга ыңгайлуулук жана коопсуздук талаптары эске алынган. Эгер QR-кодду алып, аны 90 күндүн ичинде колдонбосоңуз, ал автоматтык түрдө жокко чыгарылат. Андан кийин Россияга кирүү үчүн “Gosuslugi RuID” тиркемеси аркылуу кайрадан арыз берип, каттоодон өтүшүңүз керек.
Кирүүгө кепилдик
Көңүл буруңуз: QR-код Россияга 100% кирүүгө кепилдик бербейт. Акыркы чечимди чек ара кызматкерлери кабыл алышат.
Кирүүгө тыюу салуунун мүмкүн болгон себептери
Сизге кирүүгө уруксат берилбеши мүмкүн, эгерде:
- QR-кодуңуз жок болсо
- Биометриялык маалыматтарыңыз дал келбесе
- Сиз каалабаган адамдардын тизмесинде болсоңуз
- Россияда коомдук тартипти бузган болсоңуз
Жаңы жүрүү эрежелери
Ошондой эле, 2025-жылдан баштап визасыз чет өлкөлүктөр Россияда жылына 90 күндөн ашык боло алышпайт (мурун бул мөөнөт 180 күн болгон).
Өзгөчө кырдаалдар
Эгер жакын тууганыңыз каза болсо же ооруп калса, “Gosuslugi RuID” аркылуу кирүүгө 4 саат калганда арыз тапшырууга болот.
Маакамды алдын ала текшерүү
Тиркеме аркылуу Россияга кирүүгө тыюу салынган-салынбаганын алдын ала текшерсе болот. Мурун бул тууралуу адамдар чек арада гана билип, убактысы жана акчасы текке кетчү.
Эстеп жүрүңүз: 2025-жылдын 30-июнунан баштап, “Gosuslugi RuID"де алдын ала катталбастан жана QR-код албастан Россияга кирүү мүмкүн эмес. Саякатыңызды алдын ала пландап, жок дегенде 3 күн мурун арыз бериңиз.
Булактар: